• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Улууну урматтоо калкыбыздын улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп келген

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Улууну урматтоо жана аларга сый көрсөтүү кылымдар бою калкыбыздын улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Бул туурасында брифингде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан улуу муун өкүлдөрүн Эл аралык карылар күнү менен куттуктайм. Бүгүн жакшы күн, ата-эненин кадырына жете турган күн. «Карысы бардын – ырысы бар» демекчи, улууну урматтоо жана аларга сый көрсөтүү кылымдар бою калкыбыздын улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп келген. Улуу муун үчүн колдон келген аракеттерибизди жумшообуз ушул күн менен гана чектелип калбашы керек. Карылар дайыма колдоого жана жардам берүүгө муктаж. Сиздерге татыктуу карылыкты жана кепилденген социалдык коргоону камсыздоо – жалпыбыздын милдетибиз. Өкмөт тарабынан улуу муун өкүлдөрүнүн толук кандуу жашоосуна шарт түзүү боюнча чаралар кабыл алынууда», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр улуу муундун өкүлдөрүнө чың ден соолук, бактылуу карылык каалап, жакын адамдардын жылуу мамилесине бөлөнүп, узак өмүр сүрүүсүнө тилектештигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий