• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Боронов Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоонун жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул оорукана 1986-жылы курулгандан. Бул убакыттын аралыгында капиталдык оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда медициналык жайдын 15 орундуу бир бөлүгү иштеп жатат. Учурда бөлүмдү 100 койко-орунга чейин кеңейтүү жана чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Учурда жумуштардын 80 пайызга жакыны бүттү.

Премьер-министр саламаттык сактоо мекемеси белгиленген мөөнөттө толук кандуу ишке берилиши керектигин белгиледи.

«Капиталдык ремонттон өтүп жаткан ооруканын реанимациялык жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрү тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылынышы керек. Оңдоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш» - деди Кубатбек Боронов.

Муну менен катар Өкмөт башчы эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий