• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Республикалык штаб президентке карантинди узартуу сунушун киргизди

COVID - 19 0


Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штаб тараптан президентке өзгөчө абалдын жана өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу сунушу киргизилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр, республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов өлкөдөгү коронавируска байланыштуу учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип өтүп, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушу президентке айтылганын билдирди.

"Өзгөчө абалдын акыркы күндөрү келип калды. Биз медициналык адистердин анализдери, сунуштарынын негизинде штабдын чечими менен өлкө президентине өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн узартуу сунушталды. Коронавирус жуктурган жаңы учурлар чыгып жаткандыктан, аны толук изилдеп, тактап, бейтаптар менен байланышта болгондор боюнча иш жүргүзүү үчүн бизге убакыт керек", - деди ал.

Бирок Боронов өзгөчө абалдын мөөнөтү кайсы убакка чейин узартуу сунушталып жатканын айткан жок.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий