• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов жаңы министр Замирбек Аскаровду жамаатына тааныштырды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Замирбек Аскаровду тааныштырды.

Биринчи вице-премьер-министр жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалады.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча маанилүү милдет турат. Мында өз ишин билген адистер, кайраттуу жана боорукер адамдар иштешет. Сиздер биргеликте бардык максаттарга жетишесиздер деп ишенем. Сиздин кесиптик сапаттарыңыз жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз министрлик кызматтагы күнүмдүк ишиңизде өтө маанилүү болуп саналат», - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий