• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов жана Беларустун премьери Роман Головченко кызматташтык маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен достук жана өз ара кызматташтык мамилелерине чоң маани берет. Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана аны мындан ары активдештирүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине ишенем», - деп билдирди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов жолугушуу учурунда беларусиялык өндүрүштөгү зарыл болгон дары каражаттарын ташууга Кыргыз Республикасы кызыкдар экенине басым жасады.

Жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында ишке ашты.

Пикир

Оставить комментарий