• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Боронов: Кыргызстан Түштүк Корея менен кызматташууга өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Корея импортчулар ассоциациясынын (КОИМА) төрагасы Мёнг Жин Шин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан Түштүк Корея менен кызматташууга өзгөчө маани берет.

«Белгилей кетсем, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу потенциалы келечектүү болуп саналат. Бул багыттагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийишпиз. Ошол эле учурда Кыргызстандагы корей товарларынын экспорттук көлөмү 99,5% чейин жетет, муну менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы экспорттук-импорттук саясатта теңдешсиздик орун алат», - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстан Корея менен соода көлөмүн көбөйтүү ниетинде экенине жана Кореяга экологиялык таза айыл чарба продукцияларын ташууну жөнгө салуу аркылуу экспортту өстүрүүгө кызыкдарлыгына, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарына корея инвестицияларын тартууга өзгөчө көңүл бурдурду.

Кубатбек Боронов маалымдагандай, 2016-жылы Кыргызстан Европа бирлигинин ВСП+ колдонуучусу статусун алган, анын алкагында аталган бирликтин өлкөлөрүнө 6000 ашуун аталыштагы товардык позицияларды бажы төлөмсүз ташуу мүмкүнчүлүгү сунушталат.

«Корея компаниялары айыл чарба продукцияларын жана товарларын өндүрүү жана ВСП+ алкагында Европа өлкөлөрүнө экспорттоо боюнча кыргыз компаниялары менен биргелешкен ишканаларды түзсө болот. Ошондой эле белгилей кетсем, өлкө Өкмөтү бизнеске болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап жатат», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Корея импортчулар ассоциациясынын (КОИМА) төрагасы Мёнг Жин Шин белгилегендей, соода-экономикалык тармакта кызматташууну жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди активдештирүү зарыл.

«Кыргызстан жаратылыш кооздуктарына гана эмес, табигый ресурстарга дагы бай экенин билем. Кыргыз балы абдан сапаттуу келип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолору мага маалым. Тилекке каршы, Кыргызстандык ишкерлер Кореяда туш болгон айрым тоскоолдуктар бар. Мен өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүүгө жана кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө болгон күчүмдү жумшайм», - деп ишендирди Мёнг Жин Шин.

Жолугушуунун жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2019-жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында корей жана кыргыз компанияларынын катышуусунда бизнес-форум өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий