• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Боронов: Жарандар өзгөчө абалда жүйөөлү 3 себеп боюнча гана көчөгө чыга алат

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Жарандар өзгөчө абал режими киргизилгенден тарта күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат. Алар - дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга, дарыканадан дары-дармек сатып алууга, дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымына караганда, өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн гана чектөө жайылбайт.

"Азыр киргизилип жаткан өзгөчө абалдын башкы максаты - жарандардын бири-бири менен болгон байланышын азайтуу. Себеби оору тездик менен жайылып кетиши ыктымал. Ар кандай иштер менен көчөгө чыкканга болбойт", - деп баса белгиледи Боронов.

Ал эми Бишкек шаары боюнча комендант болуп дайындалган ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдиргендей, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулду.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий