• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Боронов: Жарандардын коопсуздугу үчүн бардык күчүбүздү жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү мобилизациялайбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри онлайн режиминде катышкан Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйында облустардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маселелер жана коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынган комплекстүү чаралар талкууланды. Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда.

Тармактык министрликтердин жана мекемелердин, облустук администрациялдардын жетекчилери коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн тапшырмаларды аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктурган 26 учур катталганын билдиришти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган 42 учур аныкталды. Алардын ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор. Бейтаптардын бардыгы тийиштүү медициналык жайларда медицина кызматкерлеринин кароосунда.

Кубатбек Боронов Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлганын белгиледи. Жарлыкка ылайык, өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан эртең мененки 08.00дон тарта 2020-жылдын 15-апрель 08.00го чейин өзгөчө абал киргизилди. Мындай абал киргизилген шаарлардын жана райондордун аймагында комендатуралар түзүлдү.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр аймактардагы санитардык-карантиндик посттордон өтүп жатканда азык-түлүк жана башка эл керектей турган товары бар чоң жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

Ал өзгөчө абал учурунда бардык азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, супермаркеттер, тамак-аш сатуучу базарлар, дарыканалар, медициналык мекемелер, коммерциялык банктар адаттагыдай жана жарандар үчүн ыңгайлуу болгон режимде иштерин эскертти.

Атайын аба каттамдарынан тышкары ички авиарейстер убактылуу токтотулат.

Биринчи вице-премьер-министр айткандай, буга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши менен калктын жана транспорттордун кыймылына көзөмөл күчөтүлүп, бул көрсөткүчтү бир нече эсе кыскартууга шарт түздү. Бул иш өзгөчө абал режимин киргизүү аркылуу күчөтүлөт. Укук коргоо органдары зарылдыгы жок жарандардын кыймылын азайтуу максатында райондорду, шаарларды күзөтүшөт.

«Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын бардык күчтөрүн жана мүмкүндүктөрүн күчтөндүрөбүз», – деди Кубатбек Боронов. «Укук коргоо органдары адамдардын кыймылын болушунча кыскартуусу зарыл. Калктын саламаттыгын сактоо максатында катуу чаралар көрүлөт, болбосо кесепети кейиштүү болушу мүмкүн. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун толук түшүнүп, сунуштамаларды так аткаруулары керек».

Кубатбек Боронов баса белгилегендей, мамлекеттик органдардын жана бюджеттик уюмдардын бардык кызматкерлери мажбур болгон өргүү күнүн алганына карабастан, эмгек акыларын алышат. Мыйзамга ылайык өзгөчө абал учурунда кызматкерлерин бошотууга жеке уюмдардын укугу жок.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин өзгөчө абал режимин аткарууга түздөн түз тиешеси жок белгилүү бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө которуу, ошондой эле эмгек өргүүсүнө чыгаруу маселелерин карашты.

Жыйындын катышуучуларына Россия Федерациясы жана Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга жардам көрсөтүп жатышат, кыргыз тараптын муктаждыгына медициналык буюмдарды жана жекече коргонуу каражаттарын (беткаптар, коргоочу кийимдер, тепловизорлор) жөнөтүшүүдө.

Жыйында белгиленгендей, үй карантини эрежелерин бузуп, көчөгө чыгууну каалагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына коронавирус ырасталган жарандар менен байланышта болушу мүмкүн болгон бардык адамдарды кайра текшерүү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий