• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боронов жумуш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эки күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт.

Сапардын биринчи күнүндө Кубатбек Боронов Бишкек – Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан Көчкү-Булак участогунда кар көчкүдөн коргоочу жабык галереянын курулушу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, бул узундугу 460 метр объектти үч жылдын ичинде аяктоо пландалууда.

Галерея Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин негизинде каржыланган «Бишкек – Ош унаа жолун көчкүдөн коргоо» долбоорунун алкагында гранттык негизде курулууда.

Андан соң биринчи вице-премьер- министр Камбар-Ата ГЭС-2 жана Токтогул ГЭСине барып, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Гидроэнергетикалык объекттерде Кубатбек Боронов кызматкерлердин иштөө шарттары, жабдуулардын абалы менен таанышып, алдыдагы күз-кыш мезгилин өтүүгө даярдыктарды адистер менен талкуулады.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Маданият – Жалал-Абад унаа жолунун «АзВирт» ЖЧК азербайжан компаниясы курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тилкесине барды.

Жалданма компания 159 га аянттагы таш материалдарынын карьерин иштетүүгө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинен уруксат алган.

Белгилей кетсек, 2014-жылы Кыргыз Республикасы жана Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек – Ош жолунун Маданият – Жалал-Абад участогунун курулушунун 4-фазасын ишке ашырууга 60 миллион АКШ долларын бөлүү жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Таанышуунун жыйынтыгы боюнча долбоорду ишке ашырууда келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган туруктуу иштөөчү жумушчу топ түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий