• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боршайком 8 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы КР президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо тилкелеринен протоколдорду кабыл алууну аяктаган. 8 шайлоо тилкесиндеги добуш берүү жараксыз деп табылган.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 18-октябрдан тарта Боршайком аймактардан шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдорду кабыл ала баштаган.

Райондук жана шаардык деңгээлде иш алып барган Нарын,Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош,жалал-Абад жана Чүй облустарында 54 аймактык комиссия түзүлгөн.

Сузай, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкек АШУнан келген протоколдордун айрымдарында бюллетендердин саны шайлоочулардыкынан ашып кеткен.
Ага ылайык төмөнкү аймактык шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылган;

-Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 4 аймактык шайлоо комиссиясы (АШК);

АШК - №2118, айырма-577;

АШК - №2119, айырма-259;

АШК - №2120, айырма-126;

АШК - №2126, айырма-126.

-Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269 шайлоо тилкесинде айырма -55;

-Ош облусунун Кара-Суу районундагы №5180 шайлоо тилкесинде айырма – 48;

-КР ТИМ АШК №9036 (Түркия, Анкара) айырма – 9;

-Бишкек шаарындагы АШК №1243 айырма – 2.

Пикир

Оставить комментарий