• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боршайком Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин алып салды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 09.10. 17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Боршайком өз отурумунда президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин арызын карап, аны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымына караганда, Төрөбаев 6-октябрда шайлоогоо катышуудан баш тартуу арызын менен кайрылган, БШК аны карап чыгып, 7-октябрда чечим чыгарган.

Эске сала кетсек, мурда талапкер Камчыбек Ташиев да өз талапкерлигин алып салган. Бүгүнкү күндө президенттикке талапкердердин саны 11ди түзөт.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Шайлоодо дээрлик 3 млн жакын шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Пикир

Оставить комментарий