• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Боруссиянын" мурунку оюнчусу Александр Мищенко кыргыз жарандыгын алды

Спорт 0

Бишкек. 14.02.19 /Кабар/. Германиянын "Боруссия Мёнхенгладбах" футбол клубунун мурунку оюнчусу Александр Мищенко Кыргызстандын жарандыгын алды.

Мищенкого кыргыз паспортун берүү тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, деп кабарлады "Дордойдун" маалымат кызматы.

Эске салсак, Александр Мищенко 1997-жылы Кыргызстанда төрөлгөн, кийин анын үй-бүлөсү Германияга көчүп кеткен.

Футболчу 2014-2017-жылдары "Боруссия Мёнхенгладбахда" ойногон. Ал эми 2017-жылдын июль айында Бишкектин "Дордой" клубуна өткөн.

ФИФАнын эрежеси боюнча, эми Мищенко Кыргызстандын курама командасы үчүн ойной алат.

Пикир

Оставить комментарий