• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бостериде 24 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында 24 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учуурда маркумдун өздүгү такталууда. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан алып чыгышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий