• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бостериде "Кыргызстан-Азия—2021" V студенттер аралык форумуна даярдык кызуу жүрүүдө (видео)

Билим 0


Бишкек, 13.09.21. /Уланбек Турдуканов - Кабар/. Ысык-Көл облусунда 15-18-сентябрь аралыгында "Кыргызстан-Азия—2021" V студенттер аралык форум өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Туратбек Сырдыбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Армения, Казакстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышат.

"Форумдун катышуучуларын Бостериде жайгашкан Ж.Баласагын атындагы университетинин пансионатында тосуп алуу пландаштырулууда. Учурда университеттин пансионатында меймандарды тосуп алууга даярдыктар көрүлүп жатат", - дейт Сырдыбаев.

Форум Россия жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин, "Россотрудничество" федералдык агенттигинин колдоосу менен Азия университеттеринин ассоциациясынын эгидасы астында өткөрүлөт.

Форумдун максаты - эл аралык академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, Азия өлкөлөрүнүн жаштарын эл аралык маданий, гуманитардык, спорт жана билим берүү долбоорлорду ишке ашырууга тартууга багыттоо экени белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий