• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бостериде жаштар футболдук стадион курушкан

Аймак 0

Ысык-Көл, 15.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Бостери айылында инфраструктураны жана туризмди өнүктүрүү максатында активдүү жаштар футбол стадионун курушкан. Бул тууралуу "Адеп булагы" фондунун жетекчиси Кенжебек Солтонбаев билдирди.

Анын айтымында, футбол талаасын куруу үчүн 800 миң сомдон ашык каражат кеткен. Стадиондо спорттук жана маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат.

"Стадион 1 миң 500 адамга ылайыкташтырылган. Бул жерде айыл, район арасында уюштурулган бардык спорттук мелдештерди өткөрүп турабыз. Оюн талаасы айылдын ортосунда орун алгандыктан жана айылыбыз туристтер арасында белгилүү болгондуктан туристтердин чуркап жүргөнүн көрүүгө болот", - дейт Солтонбаев.

Аталган футбол талаасын курууга Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү кеңеш жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий