• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ботокска жок деп айтыңыз: Бырыштарды кетирүүчү маска жасоонун ыкмасы

Дүр дүйнө 0

Ар бир аялзаты сулуу, ал эми ал сулуулукка жакшылап кам көрсө андан да чырайлуу, назик, сүйкүмдүү болуп чыга келет. Сулуулук жалкоолукту сүйбөйт. Чырайлуу келбетти сактап, ар дайым жаш бойдон калуу үчүн сөзсүз түрдө эле кымбат сулуулук салондоруна барып, көп каражат сарптоонун кажети жок. Ботокска “жок” деп айтуу керек. Анткени, анын бары убактылуу гана. Үй шартында беттеги бырыштардын алдын алуунун жана аны кетирүүнүн ыкмалары көп. Алардын бири – картөшкөнүн крахмалынан жасалган маска.

Масканын курамы: Коюу каймак, картөшкө крахмалы жана лимон ширеси.

Бир ашкана кашык картөшкө крахмалына суу кошуп, жакшылап аралаштырабыз.

Газга суу коюп кайнатып, ага даярдалган суу менен картөшкө кошулмасын кошобуз. Жакшылап аралаштырып, газды өчүрөбүз. Бир аздан кийин ал муздап, коюу болуп калат. Андан кийин бир ашкана кашык каймак жана жарым кашык лимондун ширесин кошобуз. Бардыгын аралаштырып, келип чыккан боткону бетиңизге, моюнуңузга текши сүйкөңүз. 20-25 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп коесуз. Маскадан кийин нымдандыруучу бет май сүйкөп коюуга болот.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий