• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боз үйдөгү интернетсиз жашоо: “Жаш Булак” жаштар форуму башталды

Коом 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн “Жаш Булак” жаштар форум-лагери башталды. Активдүү жаштар коштогон катышуучулар Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жайгашкан Карала-Арча капчыгайына жөнөп кетишти.

Иш-чаранын алкагында катышуучуларга өз алдынча өнүгүү жана билим алуу үчүн шарттар түзүлүп, атайын билим берүү программасы сунушталат. Илимий жана билим берүүчү тренингдер, мелдештер, белгилүү адамдар менен жолугушуулар, билим долбоорлорунун жана курстарынын презентациялары болот.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Пархановдун айтымында, лагерге Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарынан 300 жаш чогулат.

“Бүгүн “Жаш Булак” жаштар лагеринин биринчи күнү башталып жатат. Катышуучулар форум өтүүчү жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын унаасынын коштоосунда барышат. Биз курамыбызга республиканын бардык облустарынан катышуучуларды коштук”, - деди Парханов.

“Жаш Булак” үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Катышуучулар боз үй шаарчасында жашаганы менен айырмаланат.

Форум-лагерде 18 жаштан 28 жашка чейинки жаштар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы жаштар иштери менен алектенген адистер иштешет.

Пикир

Оставить комментарий