• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Боз үйдө отуруп, комуздун коштоосунда даам сызган чет элдик туристтер

Коом 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Караколдо гастрономиялык тур өнүгүүдө – чет жактан келген туристтерди боз үйдүн ичинде кыргыз-үй-бүлөсү менен биргеликте улуттук даамдар менен сыйлоо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине турдун демилгечиси Тынчтык Жанадылов билдирди.

Жанадыловдун айтымында, анын үй-бүлөсү Караколдо гастрономиялык турду өнүктүрүп, чет жактан келген туристтерди кыргыздын маданияты, салт-санаасы менен тааныштырууну каалашат.

“Биздин 2 саатка созулгун гастротурубуз боорсок менен улуттук тамак-аштан даам татып, самоордо кайнатылган чайдан ичип көрүүнү сунуштайт. Ошол кезде менин үй-бүлөм алар менен чогу отуруп, кыргыздын каада-салты, маданияты тууралуу англис тилинде айтып беришет. Бул кызмат 5 конокко эсептелинген”,-деп билдирди ал.

Андан тышкары, турдун алкагында үй ээлери комузда ойноп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу кыскача тартылган тасманы көрсөтүшөт.

“Биздин туристтерге боз үйдө отуруп тамактануу абдан жагат, алар кафе-ресторандарга анча деле кызыгышпайт. Анткени алар көчмөн калктын тиричилигин көрүүнү каалашат!,-деп билдирди Жанадылов.

Пикир

Оставить комментарий