• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бозгундагы тажик полковнигинин кызы менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 1-август /Кабар/. Бозгундагы тажик полковниги Гулмурод Халимовдун кызы менен сүрөткө түшкөндүгү анын үй-бүлөсүнүн Сирияга баргандыгын далилдейт. Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири Халимов 2015-жылы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулган. 2016-жылы жазында анын экинчи аялы Хумайро Мирова төрт баласы менен Тажикстандан чыгып кеткен.

Гулмурод Халимовдун эки жаңы сүрөтү «Азаттыктын» тажик кызматынын сайтына жарыяланды. Алардын биринде бозгундагы полковник согушкерлерге мүнөзүү болгон узун чачы жана сакалы менен түшкөн болсо, дагы бир сүрөтүндө экинчи аялынан туулган кызы менен селфи жасаган. Азырынча бул сүрөттөрдүн качан жана каякта тартылгандыгы белгисиз.

31-июлда полковниктин экинчи аялынын бир тууганы Шохназар Миров туугандары Халимовдун кызы менен түшкөн сүрөтүн көргөндөн кийин гана Хумайро менен балдарынын Сирияга кеткенине ишенгендиктерин билдирди. Өткөн жылы февралда жергиликтүү ММКлар Гулмурод Халимовдун экинчи аялы жана Тажикстан Бажы кызматынын мурдагы басма сөз катчысы Хумайро Мирова төрт баласын алып Сириядагы күйөөсүнө кеткенин жазышкан. Бирок туугандары анын мекенинен өз каалоосу менен чыгып кеткенине ишенбей келишкен.

Туугандары буга чейин Хумайронун жана анын балдарынын тагдыры тууралуу эч нерсе билбегендиктерин айтышууда.

Полковник Гулмурод Халимов 2015-жылы апрелде дайынсыз жоголуп, майдын аягында Сирияда ИМ тобунун катарында жүргөнүн билдирген. Ал исламчыларга бийликтин саясатына каршылыгын билдирип кошулганын айткан. Тажик бийлиги аны мекенге чыккынчылык кылган деп айыптоодо.

Пикир

Оставить комментарий