• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бозумчак алтын кенинин иши шайлоодон кийин жанданары болжолдонууда

Коом 0

Бишкек, 22.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Бозумчак алтын кенинин иши шайлоодон кийин жанданары болжолдонууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

undefined

Анын айтымында, азырынча Бозумчак кени качан калыбына келип, иштей турганы тууралуу так маалымат жок. "Азыркыга чейин анын коопсуздугуна кепилдик жок. Мамлекеттик органдар да толук кепилдик бере албайт экендигин айтып жатат. Биз өкмөт менен бирге колдон келишинче жардам берип жатабыз. Бозумчак алтын кени жаны жылда, шайлоодон кийин иштеп кетет деген божомолубуз бар", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий