• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

БП: Тайырбек Сарпашевге карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасы 2017-жылы 30-мартта КРнын мурдагы вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башка кызмат адамдарына карата КРнын Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (Кызмата абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 4-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылы 28-мартта МКК 8 млн сомго чектөөсүз соода ыкмасы боюнча жарандык абалды каттоо үчүн бланка сатып алууга тендер жүргүзгөнү аныкталды. Аталган тендерге “Т.П.” ЖЧК жана “У.” ААК катышып, анда “Т.П.” ЖЧК жеңүүчү деп табылган.

Кийин 2013-жылы 24-апрелде КРнын Финансы министрлиги тарабынан вице-премьер-министр Т.Сарпашевдин дарегине жогорудагы тендер өттү деп табылгандыгы тууралуу кат жөнөтүлгөн.

Бирок, жогоруда айтылгандарга карабай, 2013-жылы 25-апрелде Т.Сарпашев МККга “У.” ААКтын булактарынан бирине туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкасын сатып алууга уруксат берүүнү шарттаган мыйзамсыз тапшырма берген. Анын негизинде МККнын төрагасы бланка сатып алууга тендердин жеңүүчүсү “Т.П.” ЖЧКнын директору менен эмес, “У.” ААКтан 40 миң даана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн бланкасын сатып алууга келишим түзгөн. Көрсөтүлгөн бланкалар жарандык абалынын актысын каттоо департаментинин (ЖААКД) аймактык бөлүмдөрүнө таратылган жана КР жарандарынын жаңы төрөлгөн балдарына толук көлөмдө берилген.

МККнын ЖААКДнын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо маселеси боюнча жумушчу тобунун 2015-жылы 18-июнундагы корутундусуна ылайык, көрсөтүлгөн бланкалар өндүрүштүк нике болуп саналат жана алмаштырууга жатат. Анткени, бланканын “Туулгандыгы тууралуу күбөлүк” чакан текстинде “Никеге туруу тууралуу күбөлүк” деп жазылган.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бергенден кийин МККнын органдарына жарандардан 11 миң 690 даттануу келип түшкөн, алар бланкалардагы өндүрүштүк нике башка өлкөлөрдүн чек арасынан өтүп жатканда билинип, анын натыйжасында аларга кирүүгө болбой тургандыгын, кошумча чыгым тартышып алар кайрадан КРга депортацияланып атышканын ырасташкан.

Бүгүнкү күндө республиканын жарандардк абалдын актысын каттоо бөлүмдөрү тарабынан 11 миң 690 даана туулгандыгы тууралуу күбөлүк алмаштырылган, келечекте калган 28 миң 310 даана дагы алмаштырууга жатат. Мындан тышкары 40 миң жаңы төрөлгөн баланын жана алардын ата-энелеринин мыйзам менен корголгон укуктары, ошондой эле мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгы бузулган.

Аталган кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий