• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда 6 айда 71 миң 980 метр браконьердик торлор алынды

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда браконьердик торлорду тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу сактагычтарды инвентаризациялоо менен балык запастарын коргоо максатында үстүбүздөгү жылдын 6 айында Балык чарба департаментинин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдөн, Орто-Токой, Токтогул жана Чүй облусуна караштуу бардык суу сактагычтардан жалпы узундугу 71 миң 980 метрди түзгөн 831 даана браконьердик тор алынды.

Анын ичинен:

-Ысык-Көлдөн жалпы узундугу 39 миң 40 метрден 488 даана;

-Орто-Токой суу сактагычынан жалпы узундугу 2 миң метрден 20 даана;

-Токтогул суу сактагычынан жалпы узундугу 17 миң метрден 170 даана;

-Чүй облусуна караштуу суу сактагычтардан жалпы узундугу 13 миң 190 метр 153 даана браконьердик тор тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий