• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бразилия командасын Бельгия үйүнө узатты! Оюн 2:1 эсебинде Бельгия жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 07.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын чейрек финалында Бразилия менен Бельгиянын курама командалары оюн өткөздү. Оюн 2:1 эсебинде Бельгия жеңишк ежетти.

Оюндун 13-мүнөтүндө бурчтан көтөрүлгөн топ автоголго айланды. Бразилиянын коргоочусу Фернандиньонун далына тийген топ өзүнүн дарбазасын акирди. Эсеп 1:0, Бельгия алдыда. 31-мүнөтүндө Лукакунун чыгарган тобун бельгиялык Де Брёйне тээп гол киргизди.

2-таймдын 76-мүнөтүндө Коутиньонун көтөргөн тобун Аугусто башы менен сүзүп гол киргизди. Эсеп 2:1ге айланганы менен Бразилиянын оюнчулары убакыт бүткөнгө чейин гол жарата албады.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 7-июлда саат 20:00дө Швеция менен Англиянын курама командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий