• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бразилияда акыркы 3 айда 500 миллиондон ашык аары өлгөн

Дүйнө 0

Бишкек, 21.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бразилиянын 4 штатында акыркы 3 айда 500 миллиондон ашык аары өлгөн. Бул тууралуу Haberler басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, 300 миллиондон ашык аары Риу-Гранди-ду-Сул штатында өлгөн. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, аарылардын кырылышы пестициддердин колдонулушунан улам болгон.

Курамында неоникотиноид жана фипронил болгон пестициддер аарылардын өлүмүнө себеп болгон.

Аталган заттарга аарыларга зыян тийгизгендиктен, Европа биримдиги тарабынан апрель айында колдонууга тыюу салынган. Бирок Бразилия пестициддерге байланыштуу тыюу салууларды алып салган.

Пикир

Оставить комментарий