• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бразилияда дамба жырылып, 58 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бразилиянын чыгышында дамба жырылып, каза болгондордун саны 58 адамга жеткен. Бул тууралуу news.day.az порталы РИА Новости агенттигине шилтеме берип кабарлаган.

Минас-Жерайс штатынын ыкчам кызматынын маалыматына ылайык, Брумадинью муниципалитетинин аймагында 25-январь күнү дамба жырылып, ошол райондогу үйлөрдүн, административдик имараттардын ичине кирип кеткен. Бирок авариялык алдын ала маалымат берүү системалары иштеген эмес. Куткаруу иштери бир нече жумаларга созулушу мүмкүн деп кабарланат.

Белгилүү болгондой, буга чейин 37 адам каза болуп, дагы 280 адам дайынсыз деп кабарланган. Кийинчерээк баткактын астында калган автобус табылганда, дагы 19 адамдын денеси таанылган. Ал эми жоголгондордун саны 305ке чыккан.

Пикир

Оставить комментарий