• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 2 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Бразилияда коронавирус жуктургандардын саны 1 млн 966 миң 748 адамды түздү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Бразилияда илдеттен 1 млн 350 миң 98 адам айыкса, 75 миң 366 жаран каза болгон.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 499 миң 398 киши, Индияда − 968 миң 857, Россияда − 751 миң 612, Перуда − 337 миң 751, Чилиде − 321 миң 205, Мексикада − 317 миң 635, Түштүк Африкада − 311 миң 49, Улуу Британияда − 293 миң 469, Иранда – 264 миң 561 адам жуктурган.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13 млн 575 миң 40 адамга жетти. Илдетти жуктургандардын ичинен 584 миң 556 киши каза болгон. Ал эми 7 млн 575 миң 638 адам айыкты.

Пикир

Оставить комментарий