• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бразилияда жер көчкүдөн 11 адам каза болуп, 2 миң адам үйүн таштаган

Дүйнө 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Бразилияда болгон жер көчкүдөн 11 адам каза болуп, 2 миң адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу жергиликтүү өрт коопсуздук кызматы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир аял оор абалда ооруканада жатса, кош бойлуу аял дайынсыз жоголгон.

Кырсык Бразилиянын Ресифи кичи аймагында орун алган.

Шаршемби күнү таң эртеден бери жаап жаткан катуу жаандан улам жер көчкү жүргөн. Бир катар имараттын дубалдары, бак-дарактар кулап, сел жүргөн.

Пикир

Оставить комментарий