• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бразилиянын экс-президенти 9,5 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Сот Бразилиянын экс-президенти Луис Инасиу Лулу да Силваны күнөөлүү деп таап, 9,5 жылга эркинен ажыратты деп жазат Би-Би-Си. Мурдагы президентти жана анын аялын Гуаруждагы заманбап пентхаусуна декларация тапшырган эмес деп, ошондой эле “OAS” курулуш компаниясынан “Petrobras” мамлекеттик компаниясы менен келишим алууга көмөктөшүү боюнча макулдашып, мыйзамсыз 747,8 миң доллар алган деп айыпташууда.

Да Силванын жактоочулары соттун мындай чечимине нааразы болуп, андан жогорку инстанциядагыларга арызданууну чечишкен. Арыздануу каралганча экс-президент эркиндикте болот.

Мурдагы президент өзүнүн күнөөсү жоктугун айтып, бардык жалааларды четке кагып, бул ишти анын саясий оппоненттери тарабынан уюштурулуп жатканын билдирүүдө.

"Автомойка операциясы "

Лула да Силва Бразилиянын президенттик тактысында 2003-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта эки мөөнөт отурган. Ал өз өлкөсүндө өтө белгилүү болгон.

Ал кеткенден кийин президенттик тактыга “Жумушчу” партиянын өкүлү, анын орун басары Дилма Русеф келген. Бирок көп убакыт өтпөй мурдагы жана ошол мезгилдеги президенттин атына коррупцияга байланышы бар экени айтылып баштаган.

2014-жылы Бразилиянын прокуратурасы ММКларда "Операция Автомойка" аталып калган “Petrobras” компаниясынын сатып алуу схемасы боюнча иликтөө иштерин баштаган.

Анын жүрүшүндө бир нече кылмыш иштери ачылган. Анда бир катар ишкерлердин жана “Жумушчу” партиясынын айрым өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экени аныкталган.

2016-жылдын мартында бул иштин алкагында Лула Да Силва бир аз убакытка камакка алынган. Андан көп өтпөй Дилма Русеф аны өзүнүн администрациясынын жетекчиси кылып дайындап, мындан улам ал кылмыш ишинен бошонуп кеткен.

Бирок, ушул эле жылдын август айында Русеф бюджеттик мыйзамды бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган.

Учурда Бразилия акыркы он жылдан бери экономика тармагында эң оор мезгилди башынан өткөрүп жатат. Өлкөнүн экономикасынын өсүшү түшүп кеткен.

Русефтин экинчи мөөнөтүндөгү башкаруусунда мамлекеттик бюджеттин дефицити, жумушсуздук өсүп, мамлекет зор күч менен топтогон инвестиция деңгээлиндеги насыя рейтингин жоготкон.

Пикир

Оставить комментарий