• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бразилиянын командасы Перуну жеңип, Америка кубогуна ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Америка кубогунун финалында Бразилиянын курама командасы менен Перунун командалары оюн өткөрдү. Бразилия 3:1 эсебинде Перунун командасын жеңип Америка кубогуна ээ болушту.

Оюн Рио-де-Жанейронун "Маракана" талаасында орун алган.

1-таймдын 15-мүнөтүндө бразиялиялык чабуулчу Эвертон алгачкы гол жаратты. 44-мүнөтүндө Тьяго Силвонун колу менен оюн өткөргөндүгү үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Аны Перунун чабуулчусу Хосе Паоло Герреро топту тээп, эсепти 1:1ге айлантты. 45-мүнөтүндө Бразилиянын командасынын оюнчусу Габриэль Жезус эсепти 2:1ге өзгөрттү.

70-мүнөтүндө Габриэль Жезус эки жолу сары кагазды алгандыгы үчүн оюндан четтетилди. Бир оюнчуга аз болсо дагы бразилиялыктар 90-мүнөтүндө дагы бир гол жаратып чемпионаттын жеңүүчүсү болушту.

Пикир

Оставить комментарий