• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бразилиянын түрмөсүндөгү кагылышуудан 42 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Бразилиянын түндүк штаттарындагы 4 түрмөдө мушташ чыгып, 42 адам каза тапты. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, камактагылардын кагылышуулары Амазонас штатындагы 4 түрмөдө болгон.

Окуядан бир кун мурда 15 киши өлтүрүлгөнү маалымдалган. Амазонас штатынын Камак уюму камактагылардын 42 өлгөнүн тастыктап, бул окуя топтор арасындагы кагылышуудан улам келип чыкканын билдирди.

Берилген маалыматтарга караштуу, кармаша кетишкен топтор маңзат мафиясынын башкаруу алдында экени аныкталган.

Эске салсак, 2017-жылы дагы өлкөдөгу камактагылардын 17 сааттык ызы-чуу салууларынан 60 адам набыт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий