• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Брейк-данс Олимпиада оюндарынын программасына кириши мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын программасына брейк-данс кириши мүмкүн. Уюштуруучулар бул идеяны Эл аралык олимпиада комитетине сунушташкан, деп жазат bbc.com

Мындан тышкары Олимпиада оюндарынын программасына серфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу дисциплиналары сунушталган.

Акыркы үч дисциплина 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиаданын программасына кирген.

Эл аралык олимпиада комитети 2020-жылдын декабрь айына чейин чечим кабыл алышы керек.

Эске салсак, Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде 26-июлдан баштап 11-августка чейин өтөт. Ал эми Паралимпиада оюндары 28-августан 8-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий