• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бренд үчүн күрөш: “Кабар” агенттиги аты окшош ЖЧК менен болгон сотто утуп алды

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги (КУМА) эки жылдык соттошууну утуп, адилеттүүлүккө жетишти. Бишкек шаардык соту Юстиция министрлигинин Чүй облустук бөлүмүнүн “Кабар24.кж” Жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) каттоо тууралуу буйругун жокко чыгаруу чечимин чыгарды. Мындан мурдараак “Кабар” агенттиги райондор аралык сотко кайрылып, “Кабар24.кж” ЖЧКсын (kabar24.kg) каттоо чечимин жокко чыгаруу жана анын атын өзгөртүү же жоюу боюнча арыз жазган. Анткени, ал ЖЧК “Кабар” агенттигинин “Кыргызпатентте” мурда эле катталган товардык белгисинин жеке автордук укугун бузган.

КРнын Жарандык кодексине ылайык, өлкөнүн аймагында фирмалык аталышка жеке укук берилет. 80 жылдан ашык тарыхы бар “Кабар” агенттиги учурдагы аты менен 1992-жылдан тарта иштеп келет. Ал эми 2016-жылы өз аталышында улуттук агенттиктин товардык белгисинин негизги элементин колдонгон “Кабар24.кж” ЖЧКсы пайда болгон.

Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги өз укугун коргоо жана бул жеке агенттиктин каттоосун жараксыз таанылышы үчүн сотко кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө биринчи инстанциядагы сот ал “аталышта бир дагы окшош элемент жок” деп “Кабардын” талаптарын катаандандырган эмес. Бул албетте мыйзамдын талаптарына туура келбеген чечим болгон.

Бирок “Кабар” агенттиги райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляция берип, А.Рыбалкина, Б. Сатыбалдиев, Ж.Албанова курамына кирген Административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегияга кайрылууга мажбур болгон.

Ошентип, “Кабар24.кж” ЖЧКнын каттоосу жараксыз деп табылды. Эми кезек Юстиция миннистрлигине келип, министрлик “Кабар” агенттиги менен аты окшош ЖЧКнын каттоо боюнча мурунку чечимин кайра карап чыгышы зарыл.

“Кабар” аагенттиги ишти калыс карап берип, адилет чечим чыгарып бергени үчүн Бишкек шаардык сотунун Коллегиясына ыраазчылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий