• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Британ парламенти Тереза Мэйдин брекзит келишимин четке какты

Дүйнө 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Британ парламентинде брекзит боюнча кезектеги добуш берүү өттү. Тереза Мэй сунуштаган келишим өтпөй калды: документке 391 депутат “каршы”, 242си “макул” деген добушун берди. Бул тууралуу BBC билдирди.

13-мартта депутаттар Евробиримдиктен келишимсиз чыгуу керекпи деген маселени чечишет. Көпчүлүк депутаттар бул вариантка каршы. Эгер алар мындай сценарийден баш тартышса, 14-мартта брекзитти кийинкиге жылдыруу боюнча документке добуш беришет.

11-мартта Страсбургда өткөн жолугушууда Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Британиянын Еврошаркеттен чыгуусу боюнча келишимге өзгөртүү киргизишкен. Тараптар падышалыктын курамындагы Түндүк Ирландия менен биримдиктин курамындагы Ирландиянын ортосундагы чек арада көзөмөлдү жок кылууну макулдашкан.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер бул толуктоолор соңку сунуш экенин белгилеп, «ушул келишим кабыл алынат же Брекзит таптакыр болбойт» деп эскерткен.

Буга чейин Мэй макулдашуунун долбоору колдоо таппаса, 29-мартта шаркеттен келишимсиз чыгууну же Брекзиттин мөөнөтүн июнга калтырууну сунуш кыларын билдирген.

Бирок Лондон Лиссабон келишиминин 50-беренесине таянуу менен Евробиримдиктен брекзитти кийинкиге жылдырууну сурашы мүмкүн. Мындай учурда бир чечимге келүү үчүн убакыт пайда болот.

585 беттен турган келишимде Британия менен Евробиримдиктин брекзиттен кийинки өз ара мамилелеринин принциптери камтылган. Документти сындагандардын пикиринде, келишимдин шарты боюнча Британия ЕБнын мүчөсү болбосо да, анын бир катар эрежелерине баш ийген “көз каранды” мамлекетке айланат.

Пикир

Оставить комментарий