• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Британ парламентинде Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек. 04.12.18 /Кабар/. Улуу Британиянын парламентинин имаратында жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чараны кыргыз элчилиги британдык парламентинин Кыргызстан менен кызматташттыгы боюнча тобунун колдоосу алдында өттү.

Ушул күндөрдө британдык парламентте премьер-министр Тереза Мэйдин доклады жана «брекзит» боюнча кабыл алынган келишимдер тууралуу Башкы прокурор Джефри Кокстун билдирүүсүнө байланыштуу кызуу талкуулор жүрүп атканына карабастан, Кыргызстандын аталган иш-чарасына Улуу Британиянын парламентинин Жамаатар жана Лорддор палаталарынын мүчөлөрү келип катышышты.

Ошондой эле, иш-чарада Улуу Британиянын ТИМнин, Лондондо аккредиттелген дипломатиялык корпустун, Кыргызстандын достору, анын ичинде британиялык ишкерлер чөйрөсүнүн, кыргыз диаспорасынын жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы студенттер коомунун өкүлдөрү да болушту.

Британдык парламентиндеги Айтматовдун маарекесине арналган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова чыгып сүйлөп, катышуучуларга Ч.Айтматовдун өмүр-баяны жана анын чыгармачылык жолу жөнүндө, жазуучубуздун маарекесине карата өткөрүлүп аткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Cөзүнүн алкагында КРнын элчиси Г.Искакова британдык парламентинин мүчөлөрү жана Лондондун мэри Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрүн окуп берген видеолорун катышуучуларга көрсөттү.

Иш-чарада өзүнүн куттуктоо сөзү менен Улуу Британиянын Парламентинин жамааттар Палатасынын мүчөсү, Бүткүл партиялык парламенттик «Улуу Британия жана Кыргызстан» кызматташттык тобунун төрагасы, депутат Боб Стюарт чыгып сүйлөп, Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө көптөгөн жылуу сөздөрүн айтты.

Атайын ушул өткөрүлүп аткан иш-чарага катышуу үчүн, Элчиликтин чакыруусу менен Кыргызстандан Лондонго келген актерлор, британиялык актерлор менен биригип Ч.Т.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасына коюлган кыскача спектаклди көрүүчүлүргө тартуулашты. Улуу жазуучубуздун бул чыгармасынын башкы каармандарынын образдарын төмөндөгү актерлор кыргыз жана англис тилдеринде тартуулашты: Толгонайды – британиялык актриса Кейти Тревельян (Британиялык «Орзу Артс» Борбордук Азия театры), Субанкулду – Алымкул Исаков, Кыргызстандык актер (КРнын эмгек сиңирген артисти), Алиманды – Жаңылай Исакова, Кыргызстандык актриса (Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драмтеатры). Спектаклдин көркөм жасалгалары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драмтеатрынын башкы сүрөтчүсү Бакытбек Тилекматов тарабынан аткарылды.

Актерлордун чыгып ойногонун жана ырдаган ырларын, ошондой эле ошол өткөн мезгилдин өзгөчөлүгүн таамай чагылдырган көркөм кийимдерин, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган иш-чаранын катышуучулары аябай толкундануу менен кабыл алышты. Улуу Британиянын Парламентинде коюлган бул спектакль чоң ийгиликке ээ болуп, жада калса көптөгөн көрүүчүлөрдү жашытты.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын туристтик жана жаратылышынын кооз жерлерин чагылдырган видеофильмдер көрсөтүлүп, басма сөз маалыматтары да таркатылды.

Пикир

Оставить комментарий