• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Британия: Жүк ташуучу унаадан 39 адамдын өлүгү табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Улуу Британиянын Эссекс аймагында жүк ташуучу унаадан 39 адамдын өлүгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.

Полиция кызматы жергиликтүү убакыт менен түнкү саат 01:40да Грейс шаарындагы өнөр жай жерине чалуу боюнча барышкан. Ал жердеги жүк ташуучу унаанын ичинен 38 чоң адамдын жана бир өспүрүм баланын сөөгү табышкан.

"Учурда каза болгондордун өздүгүн тактап жатабыз. Бирок бул иш бир топ убакытты алышы мүмкүн", - дейт полиция кызматкери Эндрю Маринер.

Анын айтымында, жүк ташуучу унаа Англияга Болгариядан 19-октябрда Холихэд порту аркылуу келген. Аталган порт Ирландия менен чектешет.

Маринер белгилегендей, 25 жаштагы унаанын айдоочусу өлүмгө шектүү катары кармалган.

Ал эми, премьер-министр Борис Джонсон окуяны билгенде таң калганын айткан.

"Мен Ички иштер министрлигинен такай маалыматтарды алып турам. Эмне болгонун так билүү үчүн Эссекса аймагынын полиция кызматы менен тыгыз иштешүүгө киришем", - деп премьер-министр твиттер баракчасына билдирүү калтырган.

Пикир

Оставить комментарий