• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Британияда Гитлердин кол тамгасы коюлган китеби аукциондо сатылат

Дүйнө 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Британиядагы аукционго Адольф Гитлердин "Майн кампф" ("Менин күрөшүм") китебинин сейрек нускасы коюлду. Китепте автордун кол тамгасы бар. Аталган китеп 1935-жылы басмадан чыккан.

Китеп Ланкашир округундагы Клайтеро шаарындагы Silverwoods соода үйүндө өтө турган аукционго коюлду. Кеминде китепти 1 миң фунтка (1275 доллар) сатса болот деп күтүлүп жатат.

Аукцион өткөрүп жаткан Жеймс Томпсон түшүндүргөндөй айрым кишилер нацизм менен байланышкан кандайдыр бир буюмдарды сатып алмак тургай кол тийгизгилери келишпейт. Бирок Гитлердин башкаруусу учурундагы үрөй учурган көрүнүштөргө карабастан, китепти сатып алып, сактап коючулар табылат деди ал.

"Кандайдыр бир деңгээлде бул түрү суукка кол тийгизип көргөн сыяктуу эле",-деп түшүндүрдү Томпсон.

"Майн кампф" ("Менин күрөшүм") биринчи жолу 1925-жылы басмадан чыккан. Китепте Гитлердин саясый идеологиясы жазылган ошондой эле анын Германиянын келечеги үчүн пландары камтылган.

Гитлер кандайдыр бир документке кол койбогонго аракет кылып келген. Ошондуктан анын кол тамга калтырган китеби өтө сейрек китеп катары каралууда.

Гитлер Би-би-си кабарчысы Питер Кадоганга кол тамга жазып берген. Ал Гитлердин жакын чөйрөсүндөгү Юнити Митфорд менен тааныш болгон. Митфорд китепке кол тамга калтырууну Гитлерден өтүнүп, Кадоганга жаздырып берген. Китеп эми Кадогандын үй-бүлөсүнүн өтүнүчү менен сатылып жатат.

Булагы: Би-Би-Си

Пикир

Оставить комментарий