• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Британияда Өкүлдөр палатасы Брекзит жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.01.20. /Кабар/. Британ парламентинин Өкүлдөр палатасы Брекзит боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Эми документти Лорддор палатасы колдошу керек. Талкуу келерки жуманын башында башталары күтүлүүдө.

Мыйзам долбоору премьер-министр Борис Жонсон менен Брюсселдин ортосунда түзүлгөн келишимге негизделген. Документ октябрдагы версиясынан бир топ айырмаланат. Анда Жонсон процедуралык добуш берүүгө бөгөт койгон, мындан кийин парламентте мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган. Шайлоонун жыйынтыгы менен 12-декабрда Жонсон башында турган консерваторлор жеңишке жеткен.

Мыйзам долбооруна ылайык, Британия Евробиримдиктен 2020-жылдын 31-январында чыгат. Мындан кийин Брюссель менен жаңы соода келишими түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий