• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Британияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 12-декабрда өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Британ парламентинин депутаттары 12-декабрда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн добуш беришти. Жүз жылдан бери шайлоо биринчи жолу Рождество күндөрүнүн алдында өтөт.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасында добуш берүүгө коюлуп, аны 438 депутат – башкаруучу Консервативдүү партиянын өкүлдөрү менен катар оппозициялык лейбористтер да колдоду. Мыйзам долбооруна эми Лорддор палатасы да макулдук бериши керек.

Премьер-министр Борис Жонсон Брекзит маселеси боюнча туңгуюктан чыгуу үчүн шайлоо жалгыз жол деп эсептейт.

Буга чейин Жонсондун парламентти таркатуу боюнча сунушу өтпөй калган, андан кийин премьер шайлоону 12-декабрда өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан. Мурдараак оппозиция лидери Жереми Корбин күтүүсүздөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

Европа Биримдиги Брекзиттин мөөнөтүн келаткан жылдын 31-январына жылдырууга макул болгон. Жонсон ага чейин шайлоо өткөрүү керектигин, эгер консерваторлор жеңишке жетишсе, ЕБдан чыгуу тууралуу келишим ратификацияланарын белгилөөдө. Азыркы парламент келишимди кабыл алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий