• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Британиядагы белгилүү кыргызстандык окумуштуу ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» программмасынын элчиси болду

Коом 0

Бишкек, 11.02.21./Кабар/. Британиядагы белгилүү кыргызстандык окумуштуу Асель Сартбаева ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» программасынын элчиси болду.

Уюмдан билдиришкендей, 11-февралда Илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүн белгилеп жатып, ЮНИСЕФ Британиядагы белгилүү кыргыз окумуштуусу, Бата университетинин химия профессору, Улуу Британиядагы королдук илимий коомчулуктун жана балдардын дене табын түшүргөн вакцинанын коопсуздугун камсыздоо боюнча новатордук изилдөөнүн алдыңкы мүчөсү Асель Сартбаеваны «Илимдеги кыздар» программасынын элчиси катары жарыялады.

ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар» программасы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду, БААУнун инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» фонду менен биргеликте ишке ашып келет.

Пикир

Оставить комментарий