• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Британиялык окумуштуулар жесе боло турган суу куючу идиш ойлоп табышты

Дүйнө 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Британиялык окумуштуулар жесе боло турган суу куючу шариктерди ойлоп табышты. Алар адамга жана жаратылышка эч зыяны жок. Материал 2014-жылы алынган, бирок азыр гана сериялык өндүрүүгө даяр болду.

Инновациялык идиштер балырлардан гел пайда кылуу ыкмасы аркылуу жасалган. Бул ыкма кулинарияда көп колдонулат.

Жесе боло турган идишти өндүрүүдө күрөң балырдан алынган кальций хлориди жана натрий альгинаты пайдаланылат.

Жесе боло турган бөтөлкөлөрдүн 2017-жылдын соңунда сатыкка чыгуусу күтүлүүдө. Мындай идиштин баасы эки цент (бир рубль) болот, деп билдирет Вести.Ru.

Булагы Росбалт.RU

Пикир

Оставить комментарий