• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Британиялык тургун лотереядан 190 миллион евро утуп, өлкөнүн рекорддун жаңыртты

Дүйнө 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Улуу Британиянын тургуну EuroMillions лотереясынан 170 миллион фунт (190 млн. евро) утуп, өз өлкөсүнүн лотереясында эң ири сумма уткан боюнча рекорд койду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жеңүүчү лотереяда 5 негизги номерин жана 2 "чечүүчү жылдызды" таап алган.

Буга чейин 2011-жылы Шотландиядагы кыз-жигит 161 миллион фунт утуп алып, рекорд койгон.

EuroMillions лотереясы эң алгач 2004-жылы 13-февралда Франция, Испания жана Улуу Британияда ойнотулган. Ошол эле жылдын октябрь айында Люксембург, Бельгия, Швейцария, Португалия, Ирландия жана Австрия өлкөлөрү кошулган.

Бир лотерея билети эки жарым евро турат. Аны сатып алгандардын саны 200 миллиондой адамга жетет.

Пикир

Оставить комментарий