• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Британиялыктар өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуусуна каршы кол коюшту

Дүйнө 0

Бишкек. 25.03.19 /Кабар/. Улуу Британиянын тургундары өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуусуна каршы кол коюшту.

Акыркы төрт күндүн ичинде Британиянын 5 миллиондон ашык жараны 50-беренени жокко чыгарууга жана өлкөнүн Евробиримдикте калуусуна чакырган өтүнүч катка кол коюшту, - деп жазат Mehr агенттиги.

Өтүнүч кат Британиянын парламентинин сайтына жарыяланган. Анда “Өкмөт Европа Биримдигинен чыгуу Улуу Британиянын элинин каалоосу менен деп бир нече жолу билдирүү жасады. Биз элдин колдоосу менен ЕБте калуу үчүн мындай билдирүүлөрдүн алдын алабыз”, - деп жазылган.

Британиянын мыйзамдарына ылайык, 100 миңден ашык кол топтоо менен эле өтүнүч каттын мазмуну Британиянын парламентинде автоматтык түрдө талкууга алынат.

Бул өтүнүч кат өткөн шаршемби күнү кечинде парламенттин сайтына жарыяланган жана алгачкы эки сааттын иинде эле 100 миңден ашык кол топтой алган.

Пикир

Оставить комментарий