• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Британиянын Ньюкасл шаарындагы медресени белгисиз адамдар талкалап кетишти

Дүйнө 0

Бишкек. 27.03.19 /Кабар/. Улуу Британиянын Ньюкасл шаарындагы бир ислам медересени белгисиз адамдар талкалап кетишти. Parstoday агенттиги жарыялагандай, бул медресенин имам жамааты кол салуучулар медресенини имаратына шаты менен чыгып, терезелерин сындырып кирип, китептерди айрып кетишкенин билдирди.

Мындан 3 ай мурда ушул эле медресеге кол салуу болуп, дубалдарына исламга каршы сөздөр жазылып, рассистик белгилер тартылган.

Полиция кызматкерлери ал убакта кылмышкерлерди кармашканы менен кайрадан бул көрүнүш кайталанууда.

Ca-irnews сайты жазгандай, акыркы апталарда Улуу Британияда 6 мечит жана ислам борборлору өлкөдөгү исламфобдор аркылуу талкаланган. Берилген маалыматтарга караштуу, өлкөдө исламга каршы иш аракеттер күч алууда.

Пикир

Оставить комментарий