• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй кызматтан кетет

Дүйнө 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда кызматынан кетет. Мындай чечим кабыл алганын ал бүгүн, 24-майда билдирди, – деп жазат Би би си.

Өзүнүн кайрылуусунда Британиянын Европа биримдигинен чыгуу (брекзит) процессин аягына чейин жеткире албаганына өкүнөрүн белгиледи.

Тереза Мэй Британияда экинчи аял премьер-министр болуу чоң сыймык экенин билдирип, "экинчи, бирок акыркы эмес", – деп баса белгиледи.

Эске салсак, Тереза Мэй брекзит боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин парламентке добуш берүүгө алып чыккан, бирок бул сунушу колдоо тапкан эмес.

Жакында Евробиримдик брекзит боюнча мөөнөттү 31-октябрга чейин узарткан. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташкан.

Буга чейин Британиянын премьери Брюссел менен брекзит боюнча чогуу түзгөн келишими парламентте үч ирет добушка коюлуп, өтпөй калган.

Пикир

Оставить комментарий