• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Британиянын премьери брекзит боюнча жаңы референдум өткөрүү үчүн добуш берүүгө макул болду

Дүйнө 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй брекзит боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин палатага добуш берүүгө алып чыгууга макул болду. Бул тууралуу Би би си кабарлады.

Мындай жол менен Тереза Мэй Европа Биримдигинен чыгуу боюнча жаңы макулдашууну алып чыгып, белгилүү бир компромисске барууга даяр.

Бул добуш берүү менен Европа Биримдигинен чыгуу боюнча дагы бир референдум өткөрүү керекпи же кереги жокпу деген маселе чечилет.

Жакында Евробиримдик брекзит боюнча мөөнөттү 31-октябрга чейин узарткан. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташкан.

Буга чейин Британиянын премьери Брюссел менен чогуу түзгөн келишими парламентте үч ирет добушка коюлуп, өтпөй калган.

Пикир

Оставить комментарий