• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Брюссель менен Британия Брекзит боюнча мунасага келди

Дүйнө 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Евробиримдик Брекзит боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу Брюсселде өткөн ЕБнын саммитинин жыйынтыгында Еврокеңештин башчысы Дональд Туск билдирди. Анын айтымында, келишим Лондон менен Брюсселдин ортосундагы чыр-чатакты болтурбоого жол ачат.

Евробиримдиктин сайтында Брекзиттин датасы 1-ноябрга белгиленген. Бирок Улуу Британия шаркеттен британ парламенти документтердин баарын бекиткенде гана чыга алат. Билдирүүдө тараптар тыгыз кызматташууну сактап калуу ниетинде экени да белгиленген.

Туск эгер британ парламенти келишимди жактырбаса, Лондон Евробиримдикке тиешелүү билдирме жөнөтсө, Брюссель Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруу маселесин да кароого даяр экенин айтты. Бирок буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер ЕБ мындан ары Брекзиттин датасын өзгөртпөй турганын белгилеген.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өз кезегинде Брекзитти кечеңдетүүгө негиз жок экенин белгилеген.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ирландия чек арасы жөнүндөгү маселе чечилгенге чейин Түндүк Ирландия Евробиримдиктин бирдиктүү рыногунун эрежелери менен иштеп, ошол эле учурда Британиянын бажы аймагынын мүчөсү бойдон кала бермей болду

Жонсон парламент келишимди жактырат деп үмүт артууда. Бирок көптөгөн байкоочулар мындан күмөн санашууда.

Пикир

Оставить комментарий