• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

А.Атамбаев Брюсселде Ч.Айтматовдун өмүрү тууралуу материалдарды Кыргызстанга берүү аземине катышты

Маданият 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу архивдик материалдарды Кыргызстанга берүү аземине катышты.

Иш-чара 16-февралда Брюсселде өттү. Белгилүү жазуучунун жакын достору Жак жана Голди Бланкофф аларда сакталып калган сүрөт, аудио жана видеолорду, андан тышкары Айтматовдун кол тамгасы түшүрүлгөн китептерди беришти. Белгилүү болгондой, Бланкоффтун үй-бүлөсү Ч.Айтматовдун эч жерге жарыяланбаган ырларын сактап коюшкан экен.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын башчысы мурда Ч.Айтматов менен эң жакын болгонун белгиледи.

“Бул жөнүндө башкалар билбеши мүмкүн, бирок биз Чынгыз Төрөкулович менен жакын болгонбуз. Ч.Айтматовдун өзү жөнүндө айта турган болсом, ал кайсы бир өлкөнүн гана жазуучусу эмес, бүтүндөй планетанын масштабы болгон. Мен президент болуп турган жылдарда биз улуу жазуучуга татыктуу эсстеликтерди тургуза алдык. Анын символдору жана образы бүткүл дүйнө жүзүнө тарады. Мисалы, “манкурт” деген сөз “спутник” сөзү сыяктуу эле дүйнө жүзүнө белгилүү”,-деди А.Атамбаев.

Кыргызстандын Президенти Ч.Айтматовдун архивдик материалдарын сактап, Кыргызстанга бергендиги үчүн Бланкоффтун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирди.

“Жаңы материалдар Ч.Айтматовдун музейине берилет, башка пайдалуу маалыматтар айтматов таануучулар тарабынан колдонулат”,-деп кошумчалады ал.

Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу архивдик материалдарды берүү боюнча расмий протоколго кыргыз тараптан Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий