• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Брюсселде БА регионундагы коомдук-саясий абал жана Афганистандагы кырдаал талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Брюсселге болгон иш сапарынын алкагында Европа Комиссиясынын Кризистик кырдаалдарды башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич менен жолугушууcу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия регионундагы коомдук-саясий абалды жана Афганистандагы кырдаалды талкуулашты.

Министр Р.Казакбаев Европа Биримдигине ЕБнын “Team Europe” биргелешкен пакетинин алкагында 43,8 миллион евро өлчөмүндө жардам көрсөткөнү үчүн ЕБга ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды жана COVAX глобалдык механизминин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу калкты эмдөө процессин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо органдары тарабынан берилген эмдөө сертификаттарын таануу мүмкүнчүлүгүн өзүнчө талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий