• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Европа биримдиги гранттык негизде Кыргызстанга 23 млн евро бөлөт

Саясат 0

Брюссель, 16-февраль /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Европа биримдигинин эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Жогорку комиссары Немен Мимица Брюсселде КРга гранттык каражат бөлүү тууралуу 2 келишимге кол коюшту.

Евробиримдик Кыргызстандын сот системасын реформалоого 12 млн евро, республиканын айыл аймагын комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө 10 млн евро бөлөт.

Эскерте кетсек, документтерге КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга иш чапарынын алкагында кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий