• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Брюсселде КР менен Бельгиянын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Брюссель шаарында кечээ, 11-декабрда, КРнын Тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бельгиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Дидье Рейндерс менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде эки тараптуу визиттерди уюштуруу, соода-экономикалык жана ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу.

Дидье Рейндерс Кыргызстандын инвестиция жана бизнес кызматташуу потенциалын изилдөө максатында Бельгия 2019-жылы өзүнүн үч регионунан Кыргызстанга бизнесмендер тобун жиберүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.

Айдарбеков КРда экономикалык дипломатия кеңешин түзүү пландалып жатканын кабарлады. Ошондой эле министр келечекте эки тараптуу кызматташуунун комплексин өнүктүрүүгө, Евробиримдик жана башка эл аралык институттар алкагында кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Андан тышкары эки өлкөнүн ишкерлеринин форумун өткөрүүнү уюштурууга даяр экендигин кошумчалады.

Ошондой эле тараптар аймактык жана эл аралык саясатынын актуалдуу маселелери боюнча маек курушту.

Пикир

Оставить комментарий